• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жапаров жарандарды кабыл алуунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү тапшырды

30 Кулжа 202616:28 Бишкек Govori.TV

Эл менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөргүлө, сурамжылоолорду уюштургула, жарандарды кабыл алуунун жаңы ыкмаларын киргизгиле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында облус башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешмеде билдирди.

Президент мамлекеттик кызматкер элдин көйгөйүн алдын алып, өзү чечүүгө аракет кылышы кажет экенин айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүн бул үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар: социалдык тармактар, маалымат каражаттары бар, онлайн байланыш бар.

“Эл менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөргүлө, сурамжылоолорду уюштургула, жарандарды кабыл алуунун жаңы ыкмаларын киргизгиле. Башкаруу системасын жакшырталы, заманга шайкеш ыкчам өнүгөлү. Борборго же социалдык тармактарга чейин жеткирбей туруп маселени жеринде чечкенди үйрөнүү зарыл. Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Чечиле турган маселе өз убагында чечилиши керек. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет. Ошондо гана мамлекеттик башкаруу күчтүү болот”, — деп белгиледи президент.

Количество просмотров: 24