• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Президенттин кызы балдарга белек таратты

13 Теке 202613:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун кызы коомчулукка алгачкы жолу жалгыз чыкты. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.

Видеодо президенттин кызы “Алтын балалыкка” барганы жана балдарга белек бергени тартылган.

Бул арада биринчи айым Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына маалымат жарыяланып, Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айымдын атынан белектер тапшырылганы маалымдалды.

Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын башкы максаты – өлкөнүн келечеги болгон жаш муунга өзгөчө көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү жана жайкы эс алуу учурунда майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

Кошумчалангандай, үстүбүздөгү жылы «Алтын балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат.

Количество просмотров: 54