• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутаттын мандатын кайрып алуу боюнча кесиптештери эмне дейт?

15 Бештин айы 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча шайлоодогу атаандашынын арызын канааттандырган. Бул тууралуу депутат өзү билдирип, муну басым катары баалады.

Анын айтымында, Равшан Рысбаев жаңы жагдайларга байланыштуу БШКнын 2021-жылдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко арыз менен кайрылган.

Эске салсак, 17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн атайы депутаттык комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 2051