• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаевдин мандаты Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчисине берилет

30 Жалган куран 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев мандаты Шералы Абдылдаевге берилет. Бул тууралуу 29-мартта өткөн БШКнын жыйынында белгилүү болду.

БШКнын өкүлү билдиргендей, Жогорку сот Боршайкомдун Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат «Ата Мекен» партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Шералы Абдылдаев коррупция фактысы боюнча ачылган иште суракка жана соттук отурумдарга келбей жатканына байланыштуу УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал бул иште Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов менен бирге өтүп жаткан. Кийин ал ден соолугуна байланыштуу операция жасатуу үчүн Түркияга кеткени маалым болуп, тергөө убактылуу токтотулган.

Шайлоо комиссиясынын төрайымынын биринчи орун басары Абдыжапар Бекматов анын соттолгондугу жок болгон соң, мандатты бербей коюуга эч кандай негиз жок экенин айтты.

Количество просмотров: 192