Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков ооруканаларды мамлекеттик тилде «оорукана» эмес, «шыпаакана» деп атоону 19-январда өткөн жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып жатып сунуш кылды.
Ал мындай сунушун сөздүн да мааниси, энергетикасы бар экенине, оорулуулар көбөйгөндөн көбөйүп бара жататканы менен байланыштырган.
Эл өкүлүнүн бул сунушу коомчулукта бир катар кептердин жаралуусуна себеп болду. Айрымдар Кадырбековдун сунушун туура десе, айрымдар шакабага алышты.