Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясатчы Өмүрбек Текебаев фейсбук баракчасына билдирүү жазып, анда ал Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да, өзү да 45 жашында парламенттин башына келгенин, бирок экөөнүн бул кызматка келүү жагдайы ар башка экенин айткан.
“Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир”, — деп жазды Текебаев.
Текебаевдин бул посту соцтармактарда кызуу талкууланууда. Айрымдар азыркы учурду «туура сыпаттады» деп кубатташса, кээ бир интернет колдонуучулар Текебаевдин «неудачный госпереворот» дегенин сынга алышты.



Талкуулардан көп өтпөй Текебаев кайрадан билдирүү жазып ага чейинки жазган билдирүүсүн кенен түшүндүрдү.
Анын жазган жообунан соң дагы бир катар талкуулар орун алды. Айрымдар ал өз билдирүүсүн жасалма интеллект аркылуу жазганын да айтып чыгышты.


