Казакстанда кармалган «Дикий Арман» каймана аты менен таанылган, кримтөбөл делген Арман Жумагелдиев кыргызстандык актриса Айкөл Аликжанованын күйөсү. Бул тууралуу жубайлардын социалдык тармактардагы баракчаларынан белгилүү болду.
Аликжанова — кыргызстандык актриса жана модель, Miss Kyrgyzstan 2014 жана Miss Internet KG 2012 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү. Акыркы учурларда мусулман модасынын дизайнери болуп эмгектенип жургөнү белгилүү. Ал буга чейин Таласка турмушка чыгып, ажырашып кеткени кабарланган болчу.


Казакстандын Ички иштер министрлиги акыркы окуялардан улам 8 миңге чукул адам кармалганын кабарлаган.
Кармалгандардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлү, эл арасында “Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев да бар. Аны менен чогуу уюшкан кылмыштуу топтун алты мүчөсү колго түшкөн. Алар полицияга каршы ок аткан деп шектелүүдө.
Жумагалдиев буга чейин 5-январда Алматы шаардык акимиатынын алдындагы акцияларда чыгып сөз сүйлөгөн. Кийин видео аркылуу кайрылууларды таратып жаткан.