• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда «Дикий Арман» аттуу кримтөбөл 20 жылга кесилди

27 Үчтүн айы 202515:59 Бишкек Govori.TV

Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.

Алардын арасында кримтөбөл Арман Жумагелдиев (Дикий Арман) бар. 27-январда чыгарылган өкүмгө ылайык, кримтөбөл Арман Жумагелдиев кандуу окуялар маалында кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кесилди.

Жумагелдиев абактан казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын» билдирген.

Эске салсак, Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2022-жылы 2-январда башталып, өлкөнүн башка аймактарына жайылып кеткен. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Количество просмотров: 266