Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Мейкин Азия» фестивалынын жыйынтыктоочу бөлүгү — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт өтөт.
Анда ардактуу конок катары чакырылган Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт. Гала-концертке кирүү билетинин баасы 3 миң сомдон 17 миң сомго чейин жетет.
Буга чейин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалынын колдоо максатында гонорардан баш тартып, акысыз ырдап бере турганын айткан болчу.
Белгилей кетсек, казак ырчысынын сахнадагы жолу дал ушул фестивалда — 2013-жылы баш байге алган учурдан тартып башталган.
“Мейкин Азия” фестивалы 19-июлда башталган. Иш-чарада азыркы учурда популярдуулукка ээ болгон Ay-Yola тобу, белгилүү ырчы Sevak жана башка белгүлүү ырчылар өз өнөрлөрн күйөрмандарга тартуулашты.
Ал эми сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы фестивалды өткөрүүгө 20 миллион сом бөлгөнү кабарланган. Бул жылы фестивалдын географиясы кеңейип, Азиядан тартып Европага чейин 25тен ашуун өлкөдөн ырчылар келишти.