• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарына келди

22 Теке 202510:13 Бишкек Govori.TV

Казакстандык белгилүү дүйнө жылдызы Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Раевдин маалыматына караганда, ал учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV «Мейкин Азия» эл аралык музыка сынагына ардактуу конок катары чакырылган.

«Димаш Кудайберген 2013-жылы «Мейкин Азия» заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байгесинин жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 253