• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дональд Трампка төртүнчү айып тагылды

15 Баш оона 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

14-август күнү кечинде эки жылдык иликтөөдөн кийин Жоржиянын Фултон округунун прокурору АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып такты.

Трамп АКШнын ири шаарларынын бири Атлантаны камтыган дал ушул округда 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз өзгөртүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Мурдагы президент жана анын айланасындагы он сегиз киши, анын ичинде Трамптын адвокаты болуп иштеген Нью-Йорктун мурдагы мэри формалдуу түрдө рэкет иши боюнча айыпталууда. Айыптоо корутундусунда рэкетчиликтен тартып кутумчулук, жалган көрсөтмө берүү деген айыптарды камтыган 41 пункт бар. Дональд Трамптын өзүнө 13 берене боюнча айып тагылган.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Количество просмотров: 68