• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

АКШ 66 эл аралык уюмдан чыкты

8 Үчтүн айы 202612:43 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын 66 эл аралык уюмдан чыгуусун шарттаган меморандумга кол койду.

«Президент Дональд Трамп мындан ары Американын кызыкчылыктарына кызмат кылбаган 66 эл аралык уюмдан Кошмо Штаттардын чыгуусун шарттаган президенттик меморандумга кол койду», — деп айтылат администрациянын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө такталгандай, меморандум АКШнын бардык аткаруучу департаменттерине жана агенттиктерине БУУнун тутумуна кирбеген 35 уюмга, ошондой эле БУУнун 31 түзүмүнө катышууну жана аларды каржылоону токтотууну тапшырат.

Количество просмотров: 232