«Дордой» базарында бомба коюлду делген маалыматтан улам адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, саат 9:55тер чамасында 102 кызматына «Алкан базары» базарынын аймагына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, курчоого алышкан.