«Дордой» базарында иштеген ондогон сатуучулар Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдына, Эски аянтка митингге чыгышты. Алар «Торугарт» чек ара бекетинин ачылышын талап кылышууда.
Алардын айтымында, жаңы сезонго карата сатуучуларда товар жок болуп жаткан, Кытайдан алдырылган товар чек арадан өтпөй турган. Митингчилер бийликтен чек араны ачтырууну талап кылып жатышат.
Кыргыз-кытай чек арасы февраль айынан бери жабык турат.