• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дрондун жардамы менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда

5 Аяк оона 202418:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунда дрондун жардамы менен жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош унаа жолдорунда катуу ылдамдыкта айдап, карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталууда.

Ошондуктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек – Ош унаа жолунда жол коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүп, дрондун жардамы менен жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды аныктап, аларга карата каттуу чараларды көрүүдө.

Количество просмотров: 146