• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ДСУ: COVID-19ду уу коргошун менен дарылоо тууралуу документ жок

26 Чын куран 2021 13:21 Бишкек Govori.TV

COVID-19ду уу коргошун менен дарылоо тууралуу документ жок. Бул тууралуу 26-апрелде маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова билдирди.

«Дүйнөлүк саламаттык уюмунда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу эч кандай документ жок. Документтер берилсе аларды изилдеп чыгып, бардык суроолорго жооп бере алабыз”,-деди Артыкова.

Эске салсак, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын билдирген. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин айткан. Кийин 20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөнү кабарланган. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 106