• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19: 1-ноябрдан тарта өзгөчө кырдаал режими жокко чыгат

28 Тогуздун айы 202218:07 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындай чечим Кыргызстандын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93 буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.

Количество просмотров: 170