• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Душанбе аэропортунда акча опузалоого шектелип үч офицер кармалды

23 Жалган куран 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Душанбенин эл аралык аэропортунда эки чек арачы жана бир бажычы кармалганы белгилүү болду. Алар жүргүнчүлөрдөн акча опузалоого айыпталган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы аэропорттун үч кызматкери кармалганын мартта гана кабарлаганы менен, алар былтыр эле колго түшүрүлгөн.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмондун билдиришинче, 2022-жылы сентябрда чек ара кызматынын прапорщиги Орусияга учуп кетүүнү көздөгөн тажик жаранынан 500 сомони же 45 доллар талап кылган учурда кармалган. Экинчи факты былтыркы жылдын аягында катталган: чек ара кызматынын офицери менен бажы инспектору аэропорттон Пакистан жаранынан 400 сомони жана 200 доллар пара талап кылып жаткан маалда кармалган.

Эки иш тең сотко өткөн, бирок айыпталуучуларга кандай өкүм чыкканы белгисиз.

2021-жылы ондогон кишилер тажик-өзбек чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде чек арачылар жүргүнчүлөрдөн акча чогултуу менен алектенерине даттанышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында өткөрмө-бекеттердин биринин башчысы жана бир нече кызматкери жумуштан алынган.

Transparency International уюму быйыл январда жарыялаган баяндамасында “Тажикстанда коррупция көндүм көрүнүш болуп калганын жана бийлик бул тармакта тиешелүү реформаларды жүргүзбөй жатканын” билдирген.

Количество просмотров: 417