• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Душанбедеги жол кырсыгында Конституциялык соттун судьясынын уулу каза болду

24 Чын куран 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Душанбедеги жол кырсыгында Тажикстандын Конституциялык сотунун судьясы Асрор Шарифзоданын уулу Парвиз Шарифзода каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 22-апрель күнү кечинде Душанбенин борборунда катталган. Анда Шарифзодадан тышкары анын жанындагы тууганы да каза болуп, дагы төрт киши жаракат алган.

ИИМ кырсыкка 20 жаштагы Абубакр Тураев аттуу айдоочу күнөөлүү экенин, Парвиз Шарифзода «өз тилкесинен чыкпай баратканын» билдирүүдө. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, Тураев тажикстандык ишкерлердин биринин баласы экенин кабарлады.

30 жаштагы Парвиз Шарифзода президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуучу болуп иштеп келген. Атасы Асрор Шарифзода Тажикстандын Конституциялык сотунун судьясы кызматына 2019-жылы дайындалган.

Количество просмотров: 80