Токмок шаарында болгон жол кырсыгынан төрт жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда болгон. 61 жаштагы айдоочу “Фолксваген-Поло” үлгүсүндөгү автоунаа менен Токмоктун Шамшы көчөсү менен түндүктөн түштүктү карай баратып, рулга ээ боло албай, өтмөктөн 27 жаштагы келинди кызы менен сүзүп кеткен. Төрт жаштагы кыз окуя болгон жерден чарчап калган.