• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри

Аскарбек Жаныбеков 1964-жылдын 27-февралында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:

  • 1981-1986 — Кыргыз айыл чарба институтунда окумуштуу агроном-мелиоратор адистиги боюнча билим алган;
  • 2012-2016 — Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2015-2018 — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ветеринар адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1980 — Ак-Суу районундагы «Ысык-Көл» совхозунда жумушчу;
  • 1983-1984 — Кыргыз айыл чарба институтунун адиси;
  • 1986-1987 — Ак-Суу районундагы «Ысык-Көл» совхозунда агроном;
  • 1987-1988 — Ак-Суу районундагы «Ысык-Көл» совхозунда башкы инженер, гидротехник;
  • 1988-1996 — «Жыргалаң» совхозунда башкы агроном;
  • 1996-2003 — Ак-Суу районунун суу чарба башкармалыгынын начальниги;
  • 2003-2004 — Ысык-Көл облустук администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2004-2005 — «Рейна-Кенч» фермасынын жетекчиси;
  • 2005 — «Шумкар ЫККФ» ААКсынын төрагасынын финансы маселелери боюнча орун басары;
  • 2005-2011 — «Шумкар ЫККФ» ААКсынын директору;
  • 2011-2012 — «Рейна-Кенч» фермасынын жетекчиси;
  • 2012 — Айыл чарба жана мелиорация министри;
  • 2012-2020 — «Рейна-Кенч» асыл тукум дыйкан чарбасынын төрагасы;
  • 2021 — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри.
Количество просмотров: 52