• Ишенби 24 Бирдин айы 2024
  • Суббота 24 Февраль 2024

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

31 января 2024 в 11:51 Бишкек Govori.TV

3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалытка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Кыздар арасында: 40, 44, 52, 48, 57, 63, 70, +70 кг;

Балдар арасында: 50, 55, 60, 66, 73,81, 90, +90 кг.

Мелдештин програмасы:

— башталышы: 3-февраль, саат 10:00;
— салтанаттуу ачылыш аземи: 3-февраль, саат 15:00.

Количество просмотров: 64