• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Э.Каптагаев: Пансионаттарды Өзбекстанга берип койгону мамлекет үчүн, эл үчүн кыянаттык иш

13 Бештин айы 2017 15:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2017.Govori.TV.

Ыссык-Көлдөгү пансионаттарды өткөрүп берүүгө азыр эч кандай укуктук негиз жок. Бул тууралуу коомдук жана саясий ишмер Эмильбек Каптагаев Covori.TV агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына таянсак, бул боюнча 1991-жылы СССР тарап жатканда  чечилген. Анда кайсы республиканын аймагында эмне мүлк болсо ал ошол республиканын менчигине өтөт деген. Бул жерди ушул убакытка чейин Өзбекстан ижарага иштетип келсе, өкмөт кайра  ал жерди өзүбүзгө алган. Бул пансионаттар Кыргызстандыкы.

«Эгер бере турган болсо эл аралык тендер коюп бизден Өзбекстан  кайра сатып алышы керек. Бул жерде эч кандай логика, укуктук негиз жок. Азыркы өкмөттүн логикасына таянсак Баткендеги нефти чыккан жерди дагы кайра беришибиз керек, башка жердин баардыгын беришибиз керек»,- дейт Каптагаев.

Анын айтымында, 2008-жылы саясий чечим менен 4 пансионатты Казакстанга өткөрүлүп берилген.

«Ошондо кандай ызы-чуу чыкты эле. Азыркы кырдаал ошол кездеги кырдаал менен окшош болуп жатат. Ошол кезде эл аралык деңгээлде изоляция түшүп эч ким менен мамиле кура албай  Бакиев казактарга жагынуу максатында аларга берип койгон. Быйыл дагы ошондой эле окуя болуп жатат. Баардык мамлекеттер менен мамилени бузуп алып жок дегенде Өзбекстан менен жакшырды деп Атамбаев кетеринде пансионаттарды берип койгону мамлекет учүн, эл үчүн кыянаттык иш. Бул боюнча бир дагы дүйнөлүк арбитраж карай албайт.  Анткени ал чоң мамлекет тарап  жатканда саясий чечим менен чечилген»,- деди Эмильбек Каптагаев.

Каптагаевдин айтымында, өзбектер пансионаттарды беш жылдыз кылат деген күмөн жаратат.

«2004-жылы да казактар төрт пансионаттарды гүлдөтүп жиберет деп алган. Бирок, азыр ошол эле таз кейпинде турат. Мындан сырткары Өзбекстан пансионаттардын 30% пайызына кыргыздарды жумушка алабыз дейт. Жок, мындай болбошу керек. 100% пайызы биздин жергиликтүү адистер иштеп,  кээ бир бизде жок адистер ал жактан алынышы керек»,-деп жыйынтыктады Каптагаев.

Количество просмотров: 36