Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңеште КРнын экс-президенттеринин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, мыйзам долбоорлорунун авторлору парламенттин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев. Жогорку Кеңештин www.kenesh.kg сайтындагы коомдук талкуу бөлүмүндөгү долбоорго көз чаптырсак, анда экс-президенттин укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары менен теңдештирилген. Демек, оор кылмышка барганы аныкталган учурда экс-президенттин кол тийбестигин алуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылат.
Эске сала кетсек, Бишкек ТЭЦнин чатагынан кийин Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамын иштеп чыгууну тиешелүү комитетке тапшырган эле.