• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Экс-Президенттин кол тийбестик макамын алынышы ыктымал

17 Бугу 2018 18:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV
Экс-президенттин кол тийбестик макамы алынышы ыктымал. Анткени, бүгүн ЖКдагы “Бишкек ТЭЦиндеги авариянын келип чыгуу себептерин жана модернизацияга жумшалган 386 млн. доллардын коротулушун иликтөө боюнча” түзүлгөн депутаттык комиссиянын кортундусу боюнча токтом кабыл алды. Анда депутат Исхак Масалиевдин “Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине экс-президенттин кол тийбестик макамын алуунун тартиби жана эрежелерин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу” сунушу да көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

Эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бул мыйзам долбоорун токуду дегиче, ал комитеттер менен фракциялардын колдоосуна ээ болот.
Эгер, Президент Сооронбай Жээнбековго чейин кол тийчтикти алуунун тартиптери жөндөлгөн мыйзам баардык процедуралардан өтүп барып, анын макулдугуна ээ болсо, анда бул мыйзам алды менен Алмазбек Атамбаевге колдонулушу мүмкүн.
Количество просмотров: 17