• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер кармалды

15 Бештин айы 2017 11:13 Бишкек Govori.TV

Экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны Кыргызстандан кармалгандыгы тууралуу маалыматты УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн киши атайын ыкчам аракеттердин жыйынтыгында колго түшүрүлүп, анын 25 жашта экени аныкталды. Ал экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон. Кылмыш жоопкерчилигинен качып Кыргызстанга келген. Бул жактан көмүскө диний-экстремисттик уюм түзүп, башкаларды үгүттөөнү пландагандыгы айтылат.

Учурда  кармалган жаран   өнөктөш өлкөлөрдүн атайын кызматтарына өткөрүп берилди.

 

Количество просмотров: 5