• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Электр станциялары» ишканасына Эшимбеков келди

29 Бугу 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.05. 2018. Govori.TV

«Электр станциялар» ААКнын башкы директору болуп Аскар Эшимбеков дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Аскар Эшимбеков энергетика тармагында 33 жылдан бери эмгектенип келген.

Эшимбеков 1962-жылы 1-октябрда төрөлгөн. Билими жогорку, техникалык Энергосистемасында 33 жылдан бери эмгектенген.

Ал алгачкы эмгек жолун Ош шаарындагы ЖЭБде баштаган. Буга чейин ал «Түндүкэлектр» ААКсын жетектеген.

Эске салсак, «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку жетекчиси Узак Кыдырбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоого карата козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган болчу.

 

Фото:Кабар

Количество просмотров: 21