• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Элеттен кеп. Ивановкадагы жылан чыккан жерге дары себилет

28 Кулжа 2018 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.06. 2018. Govori.TV
«Союз убагында бул жерде унаалардын тетиктери чогултулган атайын «База комплектация» бар болчу. Кийин бул жерди бузуп цементтерин ташып кетишкен. Жер колдон-колго өтүп кеткендиктен ээси ким экендиги аныктала элек. Жер бизге тийешелүү болбогондуктан акча бөлсөк ал үчүн эртең жооп беришибиз керек. Бул жер боюнча атайын мамкаттоого кат жөнөттүк, ээси аныкталбаса жерди менчиктештирип айыл өкмөтүн балансына өткөрүп аянтча курабыз. Санэпидемстанция атайын курт-кумурскаларга каршы дарыларды таштап кетишти, бүгүн барып сээп кетебиз. Ал жакта  негизи ташанды таштоочу жай жок. Ал жакта жашаган үч-төрт үй ташанды таштагандыктан жумасына бир жолу трактор барып тазалап кетет» дейт Ивановка айылынын турак жай боюнча адиси Азат Куменов.
Белгилей кетсек, Ивановка айылынын тургундары Govori.TV сайтына бузулган этаждын ордунан жылан чыгып балдарына коркунуч жаралып жатышканын билдирген видео жөнөтүшкөн.

 

 

 

Количество просмотров: 70