• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элеттен кеп: Лейлекте 17 айылда таза суу жок

3 Теке 2018 18:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.07.2018.Govori.TV.

Баткен облусунун Лейлек районунда 17 айылда таза суу жок. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов айтты.

«Таза суу менен камсыз кылуу жакшы жолго коюлган. Кемчиликтер, анча-мынча жетишпеген мүчүлүштүктөр дагы бар.Алардын үстүнөн бугүнкү күндөгү долбоорлого киргизип,районубуздун ар бир жашоочусуна таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иш алып бара жатабыз. Ал эми районубузда азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы беш айыл  таза суу менен камсыздырылган эмес. Себеби,  Козубаглаң дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан анчалык көңүл бурулган эмес»-дейт Аким.

Мындан сырткары бүгүнкү күндөгү Бешкент айыл өкмөтүндөгү беш айылды тең камтуунун үстүнө иш алып барып жатабыз. Кээ бир, жаңы түзүлгөн айылдар, эски бүтпөй калган долбоорлор бар. Негизинен 17-18 айылыбыз «Ала-Тоо» булагына кирип, калкыбызды таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иш алып бара жатабыз деди.

Ал эми Талас жана Баткен облусунун калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн «Ала-тоо» булагы долбоорунан 50 миллион доллар каражат каралган.Ошол акчанын алкагында эки облусттун таза суу менен камсыз болбогон айылдарын толук таза суу менен камсыздоонун үстүндө иштеп жаткандарын кошумчалады аким Бекмуратов.

 

Количество просмотров: 77