Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узартылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Муну менен катар айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
«Жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.