• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде көмүлгөн мумияны кайсыл эркектин сөөгүнө алмаштырышкан? (видео)

2 Теке 2018 13:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.07.2018.Govori.TV
Кыргызстандын борборундагы Мамлекеттик тарых музейинин казынасында 60 жыл бою сакталып келген байыркы мумия шашылыш түрдө Баткенге коюлган. Бирок публицист, «Кара Булак» айылынын тургуну Үсөн Музафар көрүстөнгө башка белгисиз мумия коюлганы тууралуу Govori.TV сайтына билдирди.
«1954 жылы, мумияны казып чыгарганда, мен археологтор менен ошол жакта болгом. Анда алар көрүстөндөн 15-16 жаштардагы өтө назик кыздын сөөгүн алып чыгышкан. Кыйгачынан жаткан терилери капкара болуп катып калган колдорунда күмүш шакектери бар болчу. Ошол мумия Фрунзенин музейине жөнөтүлгөн. Кийин,1967-жылы Фрунзеге окууга тапшырганда ошол кыздын мумиясын аталган музейден көргөм»,- дейт жазуучу.

 

Бирок, былтыр «Кара Булак» айылына тарых музейинен алып келинген мумия такыр башка болуп чыкты дейт күбө.
«Бул жерге кочкор тумшук, башы чоң эркектин моюнундай болгонду мумия деп коюшту. Эстесем 1960-жылдары Бишкекке жакын жерлердеги көрүстөндөрдөн мумияга окшош адамдардын сөөгү табылды  деп гезиттерден окуганбыз. Ошону алар музейдин жер төлөөсүндө сактап жүрүшкөн да, биздин мумияны сатып жиберип, анын ордуна башка мумияны Баткенге алып келишкен. Бул кыз ал эмес, ал мумия сатылып кеткен. 60 жылдан ашык жаткан кыздын тарыхын изилдеген бир да тарыхчы жок экен» -деп жазуучу, публицист Үсөн Музафар Govori.TV сайтына билдирди.
Белгилей кетсек, Govori.TV маалымат агенттиги Маданият, маалымат жана туризим министрлигине бул маалыматты тактоо боюнча  буйрутма жиберди. Жерге коюлга мумиябы же башка бирөөнүн сөлөкөтүбү?

Эске салсак, Кыргызстандын борборундагы Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын Маданият министрлигиндеги комиссиянын чечимине ылайык 2017-жылдын 14-октябрда  шашылыш түрдө Баткенге жеткирилген.
Кийин кайра парламенттик комиссия Тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге берилген мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунушун берген

 

Количество просмотров: 83