• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Элеттен кеп: Ата-энеси таштаган 143 бала «Мээрим Булагы» балдар үйүнөн тарбияланып чыкты (видео)

25 Теке 2018 13:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.07.2018.Govori.TV
143 бала «Мээрим Булагы» балдар үйүнөн тарбияланып чыкты. Азыркы учурда алардын жашоосу эң жакшы. Бул туурасында Түп районундагы Ак-Булун айылындагы «Мээрим Булагы» балдар үйүнүн директору Дегенбаева Гулнара Govori.TV сайтындагы «Элеттен кеп» рубрикасына билдирди.
«Ата-энеси карабай арак ичип же наркоман болуп кеткендердин балдары «Мээрим Булагы» үйүнөн табияланып, татыктуу билим алып чыгышты. Бүгүнкү күндө 143 бала табияланып чыкты. Алардын жашоосун азыркы убакытка чейин көзөмөлгө алып турам. Балалуу болуп калгандары эс алганга жайында атайын балдарын менен келип кетишет», -дейт Дегенбаева.
1375-жылы бул жерге келген Франциялык туристтер атайын «каталан» картасын берип кетишкен.  Ал картада дал ушул жерде  християндардын чиркөөсү түшүрүлгөн. Ал эми уламыштарды «Бул жерде Свято-Троицкий монастыр болгон » деп айтылат. 1960-жылы Октябрь төңкөрүшү учурунда анын чиркөөсү жабылган.  Мындан сырткары бул жерде апостол ыйык Матфейдин сөөгү коюлган деп айтылат.
«Мен бул жердин ыйыктыгына ишенем. Себеби, күтүүсүз жерден бул жерге кароосуз калган балдар үйүн ачып, азыркы учурда алардын жашоосу ийгиликтүү», -деп кошумчалады Дегенбаева.

Количество просмотров: 71