Өкмөттүн алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты өкмөттөгү өздүк булактар тастыкташты.
Анда белгилүү болгондой, өткөн жылдын 16-ноябрында аталган кызматка киришкен Эсенгул Момункулов тармакты алдыга жылдырууда алашемдиктерди кетирип, жетекчилик тарабынан сынга алынган соң өзү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.
Ал экс-премьер министр Сапар Исаковдун көздөй кадры, аталган кызматка келгенге чейин анын инвестиция боюнча кеңешчиси болуп келгени маалым.
Азырынча, Өкмөттөгү бул маанилүү кызмат ордуна ким келээри белгисиз.