• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Эсеп палатасы КТРден 10 млн. сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу таптыбы?

25 Бугу 2018 16:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.05.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы КТРдин 2017-жылдагы ишмердигине аудит жүргүзүп, жыйынтыгында 10 млн. сомдон ашуун ар кандай каржылык мыйзам бузууларды тапкан. Бул тууралуу коомдук каналдагы өздүк булактарыбыздан маалым болду.
Алардын билдиргенине караганда, бир айдан ашуун убакыттан бери коомдук каналдын каржылык операцияларына кылдат байкоо жүргүзгөн аудиторлор жыйынтыгында, 10 млн. сомдон ашуун каражаттын дайыны чыкпай жатканына күбө болушкан. Бул каражаттын көп бөлүгү ПТС(көчмө телевизиондук станция) техникасын сатып алууга таандык экени да айтылат.

Азырынча бул маалыматты Эсеп палатасы расмий четке каккан жок. “Ал жакта учурда аудит жүрүп жатат, алар ишин жыйынтыктагандан кийин, акты түзүп, аны атайын комиссияга берет, Комиссия чечим чыгарган соң гана жарыяланат. Азырынча, башка маалыматты сиздерге берүүгө укугум жок”,-деди башкы эсептөө органын маалымат катчысы Роза Алмакунова.
Эске сала кетсек, буга чейин эле Коомдук биринчи каналдын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев Жогорку Кеңеште дал ушул ПТСтин баасы боюнча депутаттар иликтөө кылышы керектигин айтып чыккан. Себеби, КТР былтыркы жылы 1 542,817 миң АКШ долларына же же 106 млн. 454 миң сомго 8 камералуу HD форматындагы ПТС сатып алган.
Количество просмотров: 16