• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЕАЭБ пайда болдубу?

26 Тогуздун айы 2018 19:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, 26-октябрда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын отурумунда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен соода-сатык алакасындагы орчундуу маселелери көтөрүлдү.
Жыйындын алкагында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жеңил өнөр-жай тармагында өсүү болгонун белгиледи.
Экономика министринин айиымында Кыргызстан бул биримдикке мүчө болгондон тарта, ар тараптуу жеңилдиктер болуу менен бирге экономикалык өсүү болуп жатканын айтты.
А бирок, Кыргызстан экономика биримдигине мүчө деген эле аты бар экенини айтылып келет. Жада калса картошканы дагы экспорттой албай жатканы буга далил десек болот.
Мындай маселелер көтөрүлүп эле, депутаттар сындап, туура эместигин айтып эле тим болушат. А маселе болсо чечилбеген бойдон калганы элге белгилүү.

 

Количество просмотров: 16