• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЕАЭБ негизинде өлкөгө Орусиядан аскердик-техникалык жардам келди

14 Үчтүн айы 2019 9:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

15-январда Бишкекте Орусиядан келген аскердик-техникалык жардамдары тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Орусия менен Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылы макулдашууга кол коюшкан.

2018-жылы 15-декабда чек арадагы бажы бекеттерин техникалык жактан жабдуу боюнча жардамдын биринчи партиясы жеткирилген. Ал жалпысынан 123 автомобилдик жана инженердик техникадан турат. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, 2 автокран, 4 санитардык автоунаа, 2 жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар.

Аскердик-техникалык жардамдын экинчи партиясы 2019-жылдын биринчи кварталында келери күтүлүүдө.

Количество просмотров: 38