Адылбек Касымалиев Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине жаңы дайындалган директор Эдуард Кубатовду жамаатка тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу жана инвестиция тартуу боюнча негизги милдеттер белгиленди.
Жаңы жетекчиге тармакты сапаттуу өнүктүрүү жана заманбап талаптарга ылайык иш алып баруу тапшырылды.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.