• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЕЭК соода базарларын турукташтырууга 200 млрд рубль каражат жумшайт

26 Бугу 2022 16:25 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык комиссиясы учурдагы кырдаалда соода базарларын турукташтырууга 200 млрд рублга жакын каражат жумшайт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Биринчи Евразия экономикалык форумунун алкагында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.

Анын айтымында, каражат тарифтик жөнгө салуу, салыктарды азайтуу, бизнести колдоо жана товарлардын жеткиликтүүлүгүнө багытталат.

“Каражаттар жыйымдар боюнча үнөмдөлдү жана логистика, системаны кайра куруу көйгөйлөрүн жарым-жартылай жабууга жардам берет», — деди ал.

ЕЭК министри ошондой эле бул чаралар убактылуу экенин жана автордук укукка жана жеке бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болбой турганын белгиледи.

Количество просмотров: 146