• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Екатеринбургдан Ошко 219 кыргызстандык келди

10 Баш оона 202012:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-августта Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Екатеринбург—Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул каттам менен Ошко Кыргызстанга кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти. Алардын арасында эки жашка чейинки 12 бала бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда «Урал авиалиниялар» компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.

Количество просмотров: 81