• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары аяктады

21 Аяк оона 2022 23:39 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы БУУнун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, Уюм менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

Алсак, Швейцариянын Президенти Иньяцио Кассис, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Одри Азуле, БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуулар болду.

Бүгүн, 21-сентябрда Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.


Количество просмотров: 468