• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эки баласы менен терезеден кулаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

5 Чын куран 202612:36 Бишкек Govori.TV

4-апрелде кечке жуук Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен кулап кеткен аялдын окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясы билдирди.

Ошол күнү саат 18:11де милицияга кабар түшүп, 2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн 6-кабатындагы батирден 27 жаштагы келин 2021 жана 2025-жылы туулган эки баласы менен кулап кеткени аныкталган. Апасы менен кичүү баласы ошол жерде үзүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды.

Количество просмотров: 567