Бүгүн, 22-октябрда эки жаңы футболдук обьектинин ачылышы болду.
Биринчи футболдук оюн талаасы капиталдык реконструкциядан өткөн. Анын аянты 3374 жерди ээлейт. Оюнчулардын машыгуусу жана өнүгүүсү үчүн шарттар камсыз кылынган. Бул жерде мейманкана комплекси, чечинип-кийинүү бөлмөлөрү, ашкана, үч машыгуу аянтчалары жабык трибуналар жана аянтчалар курулган.
Ал эми Орок айылында жайгашкан спорттук аянтчада » Мурас Юнайтед» клубунун базасы жайгашкан. Базада чоң мейманкана комплекси, футзал боюнча машыгуу аянтчалары, көлөмдүү гибриддик аянтча жана жабык оюн талаасы бар.
Орок айылындагы футбол аянтчасынын ачылышына Президент Садыр Жапаров АФКнын вице-президенти жана башка биртоп өкмөт өкүлдөрү катышты.
Президент Кыргызстанда футбол өнүгүп жатканына токтолуп, АФКнын кыргыз футболуна кошкон салымы чоң экенин белгиледи.