• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эки казак жараны Бишкектеги Ала-Тоо аятына митингге чыкты

25 Бирдин айы 2020 18:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки казак жараны Бишкектеги Ала-Тоо аятына митингге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, митингге чыккан эки жаш бала “Кенесарынын башын кайтарып бергиле” деген жазуу жазылган плакатты көтөрүп алып чыгышкан.

Кенесары Касымов Орто жүзүнөн чыккан султан, Чыңгызхандын жана Аблайхандын тукуму, 1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын бардык Үч жүзүнүн ханы. 1837–1847-жылдары казактардын Орусиядан улут-азаттык кыймылынын башында болгон.

Кенесарынын калдыктарын издөө азыркыга чейин уланып келет. Казак ханынын сөөгү азыркы Кыргызстандын аймагына көмүлгөн болушу мүмкүн, ал эми башы Омскга жеткирилген деп айтылып келет.

Количество просмотров: 126