• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЕККУнун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндигинин абалы начарлаганын билдирди

6 Теке 2023 17:11 Бишкек Govori.TV

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро Бишкектеги эл аралык жыйында Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө айтып, аймакта медиага кысым болуп жатканын билдирди.

Өз сөзүндө ал эркин медиалардын сайттары бөгөттөлүп, ар кандай чектөөлөр камтылган мыйзамдар сунушталып жатканын белгиледи.

ЕККУнун өкүлү ошондой эле эркин медиаларга онлайн каралоо күчөп, иликтөөчү журналисттер коркутууларга кабылган учурлар бар экенин айтты.

«Тилекке каршы, сөз эркиндиги Борбор Азия чөлкөмүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө төмөндөп баратат. Талаштуу мыйзамдар кабыл алынып, сезимтал темаларды иликтеген журналисттерге онлайн куугунтуктоо кампанияларынын көбөйгөнүн көрүп жатабыз»,-деди ал.

Бишкекте 6-июлда ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча 24- борборазиялык конференциясы башталды. Анда ЖМКлардын бардык багытына байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланып жатат. Иш-чарага аймактагы медиа өкүлдөр, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 100