• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Экология жана климат боюнча комитеттин маалымат катчысы болуп Мамбеталиева дайындалды

8 Кулжа 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Анара Мамбеталиева Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы болуп дайындалды.

«Жыл башында кезектеги подполковник наамы жана КРнын Мамлекеттик 2-даражадагы кеңешчи чинин алдым. Бүгүнкү күндөн тарта кызматым Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинде уланат», — деп билдирди Мамбеталиева.

Эске салсак, 2018-жылы мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазгандыктан, кызматттан алынганын айтып чыккан. Бул боюнча Мамбеталиева ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган. Көп өтпөй өлкө башчы анын кайрылуусуна көңүл буруп, коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Количество просмотров: 85