• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Экологиялык долбоор үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар берет

13 Бештин айы 2023 11:13 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарындагы абанын булганышын жөнгө салууга 50 млн доллар насыя берет. Бүгүн, 12-декабрда финансы министри Бакыт Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлду.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, насыя 50 жылга берилерин жана каражат төмөнкү багыттарга жумшаларын белгиледи:

  • жеке секторго жылуулук насосторун сатып алууга;
  • Бишкек шаарын жашылдандырууга;
  • абанын булганышын анализдөөчү эколабораторияны куруп, жабдуулар менен камсыздоого;
  • абанын сапатын мониторингдеген 11 автоматтык станцияны орнотууга;
  • мобилдүү 8 станцияны модернизациялоого.
Теги:
Количество просмотров: 111