2019-жылы ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 590 млрд сомду түзүп, өсүш 4,5%ды (2018-жылы 3,8) түздү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөр» ишканаларын эске албаганда өсүш 3,8%ды түзгөн.
Министр белгилегендей, экономиканын бардык багыттарында өсүш болгон: курулуш тармагы – 10,6%, өнөр жай – 6,9%, кызмат көрсөтүү – 2,9%, айыл чарбасы – 2,6%.
«2019-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6%га азайып, 6,9 млрд долларды түздү. Ошол эле учурда экспорт 7%га өссө (экспорт – 2 млрд доллар ), импорт 7,3%га кыскарган (импорт – 4,9млрд доллар)», — деди ал.