• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды 

6 Теке 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Мурунку Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталган.

«Суракка мурдагы минист Космосбек Чолпонбаев чакыртылды. Учурда иш тергелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 168