• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бактыбек Калмаматов УКМКга суракка чакырылды

22 Бештин айы 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Маалыматка караганда, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын айтып, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен.

Калмаматовдун кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айткан жок, ал УКМК окуянын чоо-жайы боюнча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 174