• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Экс-президент Жээнбековдун агасы кызматынан кетеби?

24 Үчтүн айы 202211:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына сунушталган талапкерди карайт. Бул тууралуу ЖКнын сайтында жазылат.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Жусупбек Шарипов ээлейт. Ал аталган кызматка 2017-жылы дайындалган.

Жогорку Кеңештин сайтында сунуштала турган талапкердин аты-жөнү жазылган эмес.

Ал эми айрым маалымат каражаттары өздүк булактарынын маалыматына таянуу менен, элчи кызматына УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов сунушталып жатканын жазышууда.

Количество просмотров: 1152